Жаңылыктар
Ажылык сапардын жыйынтыгы
Дин
Ажылык сапардын жыйынтыгы

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы быйылкы ажылык сапардын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Сауд Арабиясы Кыргызстанга 3 миң 685 квота бөлүп, чүчү кулактын негизинде тандалган адамдар кезек- кезеги менен барып зыярат кылып келишти. 

Ажылык сапар учурунда Ош жана Жалал-Абад аймактарынан баргандардын ичинен эки зыяратчы каза таап, маркумдардын сөөгү ошол жакка көмүлдү. Бул жолку сапардын баасы 2600 доллар деп бааланып барган келген чыгымдары, жатакана жана тамак-ашы камтылган.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118