Жаңылыктар
Жалал-Абад: Айылдык оорукана жаңы курулуп, маданият үйү оңдолду
Аймак
Жалал-Абад: Айылдык оорукана жаңы курулуп, маданият үйү оңдолду

Базар-Коргон районунда төрт айылды тейлеген үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты жаңы курулуп, пайдаланууга берилди.

Эски имарат атайын медициналык мекеме болбогондуктан дарыгерлердин иштөөсүнө, жергиликтүү элдин жеткиликтүү медициналык жардам алуусуна шарт болгон эмес.

Жаңы курулган үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда бардык шарты каралган.