Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча 15-ноябрда дүйнө калкынын саны 8 миллиард кишиге жетти. Мындай маалымат World Population Prospects уюмунун баяндамасында жазылган.
15-ноябрда дүйнө калкынын саны 8 миллиард кишиге жетет деп күтүлүүдө жана ал адамзат өнүгүүсүндөгү эң маанилүү учурлардын бири болуп калат. Бул өсүүнүн болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээли адамдардын тамак-ашы, жеке гигиенасы жана медицинасы оңолуп, саламаттыгы жакшыргандан кийинки жашоо узактыгынын көбөйгөнүнө байланыштуу.
БУУнун маалыматына караганда, дүйнө калкы 7 миллиарддан 8 миллиардга жетиши үчүн 12 жыл талап кылынган. 9 миллиардга жетиши үчүн 15 жыл керек деп болжолдонууда. Бул дүйнө калкынын санынын өсүүсү жайлап калганын көрсөтүүдө.