Жаңылыктар
Сузакта чакан ГЭС курулууда
Аймак
Сузакта чакан ГЭС курулууда

Сузактык жеке ишкер үч айылды электр энергия менен камсыз кылуу үчүн чакан ГЭС куруп жатат. 

Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, райондун Ленин айыл аймагынын Айгыр-Жал тилкесиндеги чакан ГЭСтин курулуш жумуштары өткөн жылы башталып, азыркы учурда дээрлик 90 пайызга жакыны аяктап калды. Анын кубаттуулугу саатына 2400 кВтка чейин жетет. 

Жалал-Абад облусунун аймагында чакан ГЭС куруу аракеттери колго алынып, учурда Сузак, Базар-Коргон жана Токтогул райондорунда курулуш иштери жүрүүдө. 

Облус боюнча жалпы 23 чакан ГЭС куруу долбоору даярдалган.