Жаңылыктар
Министрлер Кабинетинин бир катар мүчөлөрү Жогорку Кеңештин жыйынында ант беришти
Саясат
Министрлер Кабинетинин бир катар мүчөлөрү Жогорку Кеңештин жыйынында ант беришти

Бүгүн, 17-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземи болду.

Ант бергендер:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова;
— транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев;
— энергетика министр Таалайбек Ибраев;
— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов.