Жаңылыктар
Кыргыздын 7 кереметинин бири - Өзгөн мунарасынын учурдагы абалы
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыздын 7 кереметинин бири - Өзгөн мунарасынын учурдагы абалы

Кыргыздын 7 кереметинин бири - Өзгөн мунарасы тез арада оңдоп түзөөгө муктаж. 11-12-кылымга таандык мунара жаан-чачындуу айларга жыл өткөн сайын туруштук бере албай, кыш бетине түшүрүлгөн оюулар өчүп, дубалдары урап барат. 

Президенттин быйылкы жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялаганына карабай, мунара мамлекеттен колдоо таппай, унутта калып келет. 

Тарыхтын эски үлгүсүн бүгүнкү күнгө чейин сактап, дүйнө элдердин көңүлүн буруп келген Өзгөн мунарасынын учурдагы абалы...

 

Өзгөн архитектуралык комплекси 11-12-кылымдарга таандык. Ал бир мунарадан жана 3 күмбөздөн турат. Алгачкы бийиктиги 44 метрге жеткен мунара убакыттын өтүшү менен чөгүп, урап отуруп, азыркы бийиктиги 27,5 метрди түзөт. Ошол кездеги колунан көөрү төгүлгөн усталардан эмгеги мунаранын сырын күчөтүп, миңдеген туристтердин көңүлүн буруп келет.

Туристтердин баасына татыган мына ушул мунаранын учурдагы абалын «укмуш» деп айтуу кыйын. Албетте, мунаранын эскилиги жеткенине доорлордун өтүшү, табият кубулуштары өз таасирин тийгизбей койбойт. Бирок, асман көрүнүп турган мунаранын шыбын бүтөп, урайын деп турган оюуларды бекемдепге дагы да мүмкүнчүлүк бар.

Мыйзам боюнча мындагы кызматкерлердин ЮНЕСКОнун баалуу мурастарына киргени турган мунаранын бир кышын да жылдырууга укугу жок.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118