Жаңылыктар
Кыргызстан балы Кытайга экспорттоло баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан балы Кытайга экспорттоло баштады

Кыргызстанда өндүрүлгөн бал кайрадан Кытайга экспорттоло баштайт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Балды министрликтин, Кытайдын Ветеринария кызматтарынын реестрине кирген жана 5G тастыктамасын алган компаниялар экспорттой алат. 14-ноябрда Кыргызстандан балды жана бал продукциясын Кытайга экспорттоого расмий уруксат берилди.

Эскерте кетсек, аталган продукцияны Кытайга жөнөтүү пандемияга байланыштуу 2019-жылы токтотулган.