Жаңылыктар
Кыргыз элинин көөнөргүс көркөм мурасы "Манас" эпосуна сөз тийгизбейли
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз элинин көөнөргүс көркөм мурасы "Манас" эпосуна сөз тийгизбейли

Бүбү Мариям Муса кызы авторлугу менен “Манас” туурасында жазылган китеп кыргыздын улуттук баалуулуктарын бузуп, руханий дөөлөткө доо кетирип жатат. Мындай ойлор Улуу “Манас” эпосубуздун бүгүнкү тагдыры деп аталган илимий конференцияда айтылды. 

Окумуштуулардын айтымында он томдук “Айкөл Манас” китебинде эпостун салттуу түрү менен манас айтууну шылдыңдаган учурлар бар. 

Илимий конференция жатташкан эки тараптын көптөн берки талаш-тартыштарын териштирген аянтча болду. Бүбү Мариям Муса кызынын Жайсаң Үмөт уулунун арбагы аркылуу алынган “Манас” эпосунун варианты алгач 1994-жылы жарык көргөн, адегенде китеп “Жайсаң” деген аталышта чыккан, соңку басылма “Айкөл Манас” деп басылып чыгарылган.

“Манас” эпосу кыргыз элинин көөнөргүс көркөм мурасы деген тарыхчылар соңку кезде Манасты бурмалоону каалаган Жайсаңчыл күчтөр китепте тарыхый фактыларды бурмалап бергенин белгилейт.

Бүбү Мариям Муса кызы бир канча жолу китеп аян аркылуу жазылганын билдирген. Автор Жайсаң Үмөт уулу Эр Манастын 40 жоокеринин бири экенин айткан.

Курманбек Абакиров, Ж.Баласагын атындагы КУУнун кафедра башчысы 

Бүбү Мариямдын вариантында Манаска начар мүнөздөмө берилген ал ыйлаак эркек, коркок деген мисалы... Анын апасы жеңил ойлуу аял деп сүрөттөлөт. Байыркы Грекиядагы мифтер аралашкан, индия, корей, эпосторун аралаштырган. Уяттуу учурлар да айтылат. Мындай болбойт Манастын элдик айтуусунда таптакыр башка да. Мунун максаты биздин улуттук баалуулуктарды талкалап, руханий байлыкка шек келтирүү.


Быйыл жайында Жумгал райондук соту Бүбү Мариям Муса кызы авторлугу менен чыккан он томдук “Айкөл Манас” китебин экстремисттик деп тапкан. Анда китеп кыргыз элинин улуттук кадыр-баркына шек келтирип, тарыхый фактылардын да бурмаланып берилиши улут аралык, диний чыр-чатакка алып келээри белгиленген. Чыгарманы колдонууга, сактоого, басып чыгарууга жана таратууга тыюу салынган.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118