Жаңылыктар
"Мегакомдун" үлүштөрүнө айрым депутаттардын тиешеси барбы?
Кыргызстан жаңылыктары
"Мегакомдун" үлүштөрүнө айрым депутаттардын тиешеси барбы?

“Мегаком” бренди менен белгилүү болгон Альфателеком ишканасынын үлүштөрүнө айрым парламент депутаттарынын тиешеси бар деп айтылып жаткан сөздөр териштирилиши керек. 

Мындай талапты Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында бир катар эл өкүлдөрү коюшту. 

Эске салсак, кечээ “Вечерний Бишкек” маалымат агенттиги эл аралык басылмаларга таянып, Мегакомдо үч депутат- Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алманбет Шыкмаматовдун өз үлүштөрү бар деген маалыматты жарыялаган. Жыйында депутат Осмонбек Артыкбаев бул жөнөкөй маселе эмес экенин, тиешелүү териштирүү жүргүзүлүп, фактыларга баа берилиши керек деди.
 

Мегакомдогу үлүштөр боюнча кеңири маалыматты камтыган макала “Вечерний Бишкек” басылмасында кечээ жарык көрдү. Журналисттин баяндамасы саясатчы Өмүрбек Абдрахмановдун билдирүүсү менен башталган. Мурдагы депутат анда Өмүрбек Текебаев Мегакомду Орусиялык Мегафонго өткөрүп берүү үчүн орусиялык ишкерлерден 1 млн доллар алганын айтат. Көпчүлүк муну менен Абдрахманов келишкис душманга айланаган мурдагы кесиптешинен өч алууну көздөп жатат деп ойлошкон, бирок бир катар эл аралык басылмаларда буга багытталган “Панама документтери” жарыяланды.

Бул маалыматтарда Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алманбет Шыкмаматовдун Мегаком менен бекем байланышы жана өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары бар экени маалымдалат. Басылма байланыш операторунун 2005-жылдан берки тарыхын, ал аралашкан жаңжалдар жөнүндө баяндап келип, 2012-жылдары бакиевге таандык компаниялар Мегакомдо өздөрүнүн үлуштөрун калтыруу үчүн Кыргызстандын таасирдүү чиновниктеринен байланыш тапканы айтылат. Ал эми үч эл өкүлү тууралуу басылма конкреттүү мына бул фактыларга токтолот:

Басылма бул фактылардын бардыгын 2012-жылдары “Альфа Телекомдун” 49 пайыз акциясын сатуу аракети, 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турган Аида Салянованын бакиевдердин көмүскө капчыгы Алексей Елисеевдин жактоочулук ишмердигин жандантып, тастыктама кагазын узартып берген документтери менен далилдөөгө аракет кылган. Мына ушул маселелердин чын-бышыгына жетүү керек деген талапты бүгүнкү жалпы жыйында бир катар эл өкүлдөрү коюшту.

Маселени парламент качан карап, чекит коеру азырынча белгисиз. Бирок “Панама документтеринен” мындан ары да маалыматтар алынса, дагы көптөгөн жаңжалдуу фактылардын ачыкка чыгары айтылууда.
 


 Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам! 

WhatsApp +996551748118