Жаңылыктар
Башкы прокуратура: Текебаевдин билдирүүсү туура эмес чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Башкы прокуратура: Текебаевдин билдирүүсү туура эмес чыкты

Депутат Өмүрбек Текебаевдин өлкө башчы Алмазбек Атамбаев мурда Бакиевдерге тиешелүү делген жерди сатып алып, там салган деген маалымат иш жүзүндө такталган жок. Бүгүн Башкы прокуратура айтылган маалыматты иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу билдирүү жасады. Теманы кабарчыбыз Уланбек Дыйканбаев улантат.

Өмүрбек Текебаев айтып чыккан сөздөрдөн кийин башкы прокуратура текшерип чыгуусуна негиз болгон. Президент жер тилкесине байланыштуу окуянын мыйзамдуулугун текшерүүнү тапшырган.

Бүгүн Башкы прокуратура Текебаевдин айткандарын жокко чыгарып, депутаттын президент Кой-Таш айылынан 27 жарым гектар жерди сатып алган деген маалыматы жалган экенин жана жер тилкенин аянты 2 гектардан ашык болгонун билдирди.

Ошондой эле Өмүрбек Текебаев ага Кой-Таш айылынын тургундары бир нече жолу аталган базаны эмнеге улутташтырууга болбостугун айтып кайрылган деп билдирген. Учурда “Дастан” заводунун көмөкчү чарбасына тиешелүү болгон жер аянты боюнча депутаттын сөздөрүнөн кийин Кой-Таштын жашоочулары алардын дарегине айтылган улутташтыруу жана текшерүү жөнүндөгү маалыматтарды далилдөөнү талап кылып митингге чыгышкан

Ошондой эле Текебаевдин "Компания Манас Менеджмент" жабык акционердик коому менен учактарга тамак жасоочу цехтин мыйзамсыз сатылып алынганы боюнча айткан жүйөлөрү да тастыкталган жок.
Бул боюнча башкы прокуратура буларды маалымдады

Эскерте кетсек, буга чейин мамлекеттик каттоо кызматы президенттин Кой-Таш айылынан сатып алган жер тилкеси маалымат тараткан. Анда дагы мыйзамдуу маалымат депутаттыкына салыштырмалуу башка болуп чыккан.