Жаңылыктар
"Кемпир-Абад" маселеси ачык талкууланды
Чек ара
"Кемпир-Абад" маселеси ачык талкууланды

Жогорку Кеңеште талкууланган чек ара маселеси коомчулукка ачык болду. Жыйын Улуттук биринчи канал аркылуу жергиликтүү жана облустук телеканалдарда, социалдык тармактарда түз көрсөтүлдү. Андан сырткары, Ак үйдүн алдына чоң экран орнотулуп, шаар тургундары үчүн да шарт түзүлдү. Аны өлкөнүн келечегине кайдыгер эмес кыргызстандыктар кызыгуу менен көрүштү.