Жаңылыктар
Улуттук биринчи канал жана КТРК Спорт телеканалы санарип аркылуу гана көрсөтүлөт
Спорт
Улуттук биринчи канал жана КТРК Спорт телеканалы санарип аркылуу гана көрсөтүлөт

Урматтуу телекөрүүчүлөр! Кыргыз Республикасынын Улуттук Телерадиоберүү Корпорациясы 2022-жылдын 20-ноябрынан тартып 18-декабрына чейин Катарда өтүүчү Футбол боюнча Дүйнө чемпионатын көрсөтүү боюнча Кыргызстандын аймагында эксклюзивдик укуктун ээси. FIFA уюмунун талабы боюнча Улуттук биринчи канал жана КТРК Спорт телеканалы Кыргызстандын аймагында эфирдик санарип телеберүү (DVB-T2) аркылуу гана көрсөтөт. Спутник аркылуу жана кабелдик каналдарда эфирлер чектелет. Чектөөлөр Эл аралык футбол федерациясы FIFA уюмунун талабына ылайык жүргүзүлөт. Ошого байланыштуу сыналгыңызга эфирдик санарип телеберүү (DVB-T2) түзүмүн орнотуңуз.