Жаңылыктар
Кыргызстанга БУУ ДАП жакырчылыкты жоюуга 90 миллион АКШ доллар колдоо көрсөтөт
Экономика
Кыргызстанга БУУ ДАП  жакырчылыкты жоюуга 90 миллион АКШ доллар колдоо көрсөтөт

Кыргызстанга БУУ ДАПтын беш жылдык программасынын алкагында жакырчылыкты жоюуга 90 миллион АКШ доллары өлчөмүндө колдоо көрсөтөт

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын экинчи сессиясында Кыргызстандагы БУУ ДАПтын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан жакырчылыкты жоюу боюнча чараларды жана азык-түлүк коопсуздугу программасын тааныштырды.

"Үстүбүздөгү жылдын 9 айында эле 131 миң аз камсыз болгон кыргызстандыктар же 30,5 миң аз камсыз болгон үй-бүлөлөр КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ар кандай долбоорлоруна катыша алышты. Аз камсыз болгон жөлөк пулду 105,5 миң үй-бүлө алаарын эске алып, биз жакырчылыкты жоюу боюнча чаралар менен муктаж болгон ар бир үчүнчү үй-бүлөнү камтый алдык деп айта алабыз.

Жергиликтүү инфраструктураны жакшыртуу боюнча долбоорлорго 108 миңден ашуун кыргызстандыктар катышып, алар үчүн ун жана өсүмдүк майын алышты. Дагы 20,5 миң адам "жумуш үчүн накталай акча (окутуу)"схемасы боюнча долбоорлорго катышты.

2,9 миң адам мамлекет менен социалдык контракт түзүп, бюджеттен кайтарымсыз каражат алуу менен өз бизнесин ачты", - деди Кудайберген Базарбаев.

Ошондой эле Кыргыз Республикасындагы БУУ ДАПтын өлкөлүк директору Кожиро Накай Мырза эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аркылуу өлкөдө ишке ашырылып жаткан Активдүү чаралардын натыйжалуулугу тууралуу айтып берди.

Сессиянын жүрүшүндө министр Кудайберген Базарбаев Кытай Эл Республикасынын, Россия Федерациясынын, Германия Федеративдүү Республикасынын жана Япониянын БУУ ДАПтын туруктуу өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Кабыл алынган 2023-2027-жылдарга карата беш жылдык стратегиялык планга ылайык, жакырчылыкты жоюу жана азык-түлүк коопсуздугун сактоо боюнча ар кандай программаларды ишке ашырууга Кыргызстан 90 млн АКШ доллары өлчөмүндө колдоо алат.

Дагы 15 миллион АКШ доллары жакырчылык менен күрөшүү боюнча активдүү чараларга багытталган долбоорлорго берилет.