“Кыргыздан чыккан Барпы ырчы,
Кыйланы жеңген алп ырчы.
Томого кийген бүркүттөй,
Той болгон жерде шаңшычу,
Көр болгон менен ыр жактан,
Көздүүнү артка калтырчу,
“Мөлмөлдү” андай айталбайт,
Жыйылып келсе жалпы ырчы” ,-
деп, рухий дүйнөсү нукура поэзияга ширелишкен, ыр үчүн жаралган акындардын акыны Байдылда Сарногоев Барпы акындын арзуу ырына жогору баа берген экен.
Барпы Алыкулов 1884-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Ачы кыштагында жарык дүйнөгө дүйнөгө келген. Атасы Алыкул, чоң атасы Шамурзанын теги жарды, байларга жалчы болуп күн өткөрүшкөн. Барпы Октябрь революциясынын бийлиги орногонго чейин, жашоонун кыйынын, жалчылыктын азабын жон териси менен сезе билди.
Эл арасында Кокон хандыгынын залим бийлиги унутула элек кез. Атасы Алыкулдан “Залим хандар” деген ырды үйрөнүп, 16 жашка чыгып-чыкпай акындык даңкы эл арасына белгилүү боло баштаган. Жашоонун оор күндөрүнүн таасириби, айтоор 36 жашынан тартып, эки көзүнөн дартка чалдыгып, жарык дүйнөнүн ак шооласын көрбөй калган. 1949-жылы 9-ноябрда 65 жаш курагында дүйнөдөн кайтып, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.
БАРПЫ - МАХАБАТТЫН УЛУУ ЫРЧЫСЫ
Таланттуу эстетик сынчы,филолог, КР эл жазуучусу Кадыркул Даутов “Мезгил сыны жана мен” деген китебинде минтип жазат:
Барпы махабаттын гана теңдешсиз улуу ырчысы эмес, ченде жок чебер художник, мыкты психолог экендигин ушул эле чыгармадан дагы бир жолу көрүп өтсөк болот. Айтса айтпаса төгүнбү, Мөлмөлдүн “кадам коюп, секин баскан бутунан” ( бут поэзия үчүн эмне деген “төмөн сорттогу” материал) асмандаган искусство жараткан ырчыны Барпыга чейин кыргыз-кыпчак, жалпы эле ичкилик чөйрөсүнөн ким учуратыптыр.Буга окшогон акак саптар Чыгыштын орто кылымда жашап өткөн улуу классиктеринен гана табылышы мүмкүн.
“Көйнөгүнөн көнчөгүң, куп жарашат чөнтөгүң” деп ашыглыкка күйүп-жандырган Мөлмөл сулуу ким болду экен?
Мөлмөл - атактуу бай адамдын кызы, чыныгы ысымы Чолпон болгон деген маалымат бар. Ашыгынын атын ачык жарыялаштан корунган акын поэтикалуу Мөлмөл деген ысымды тандаган көрүнөт. Байлыгы да бийлиги да жалгыз сүйүү болгон жаш акындын махабатына мезгил, реалдуу жашоо өзүнүн чекитин коюп, “миң азапка кайылмын, көрүнүп койсоң бир жолу булуттан чыккан айга окшоп” деп, чебер сүрөткер ыры менен жашап кала берген окшобойбу?!
Барпынын махабат лирикасында “Гөзал кыз”, “Дилбарым”, “Мырзайым”, “Гүл кыздар”, “Карай көз”, “Өзгөчөм”, “Самаргүл”, “Балдызжан”,, “Алтын”, “Кош алма”, Коноюн”, “Сизди көрдүм”, “Барнайым”, “Ичтеги сырды айдасак”, “Сүйүүнү сүйүп ырдадым” ырлары. Негизги пафосу – “бактылуу-бактысыз сүйүүнүн арманын” айтуу менен “сүйгөндөр үчүн ыр кылып, сүйүүнүн сүйүү кумарын” көрсөтүү.
Барпы акындын чыныгы махабаттын улуу ырчысы болгондугун сезүү үчүн жеке эле ашыглык ырларын окубастан, “Кулмурза менен Аксаткын” аттуу дастан-поэмасын окуу керек.
Кадыркул Даутов:
Дүйнөлүк адабияттын кеменгер өкүлдөрүнүн бири Лев Толстой “В художественном произведении главное – душа автора” – деп көрсөткөндөй, чыгармачылыктагы бир айныбас улуу сыр ушул кумар отунун жалбырттоо даражасына катылган. “Кулмурза менен Аксаткын” – биринчи сабынан акыркы сабына чейин ошол керемет алоонун мээримине жылытылган чыгарма.
Улуу таланттын улуулугу – ал түгөнбөгөн кенч сыяктуу. Казган сайын терендеп ачыла берет.
Гүлмира Кулумбаева