Улуттук банк Баткен облусунда ишкердик жүргүзгөндөрдү жана тажик тараптын кол салуусунан жабыркаган тургундарды колдоо максатында жеңилдетилген шартта насыя берүү токтомун кабыл алды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Аталган токтомго ылайык, Улуттук банк коммерциялык банктарга, микрофинансылык уюмдарга жана "Кепилдик фондго" Баткенде ишкердик жүргүзгөн насыя алуучулардын кредит/кепилдик алууга табыштамаларын артыкчылык берип кароону сунуштайт.
Ошондой эле кредиттерди берүү боюнча өзүнүн ички жол-жоболорун кайра карап чыгуу зарылчылыгын айткан. Аны менен катар кредиттерди/кепилдиктерди алууда насыя алуучулар тарабынан берилүүчү документтер боюнча Улуттук банктын талаптарын жеңилдетүү эрежелери каралган.
Мындан тышкары, насыялык рейтингдин негизинде берилген кредиттин өлчөмү көбөйтүлүп, керектөө акчаларын берүүдө алуучунун орточо айлык кирешесине болгон катышы кайра каралып чыкканы белгиленди.