Жаңылыктар
Эки куралдаштын түбөлүк сүйүүсү
Дүйнө
Эки куралдаштын түбөлүк сүйүүсү

1941-жылы 22-июнда фашисттик Германия менен анын өнөктөштөрү Советтер Союзуна кол салып, Улуу Ата Мекендик согуш башталган. Бул согуш төрт жылга созулуп совет калкы жанын тиштеп миллиондогон уул менен кыздарынан ажырап  Улуу Жеңишке жетишкен. Фашисттик Германияны жеңүүдө Кыргызстан да өзүнүн салымын кошкон. 

Адамзаттын тарыхында бул каргаша жөнүндө “Кыргызстан дипломаттары” коомдук бирикмесинин маалымат катчысы Алмаз Батилов КР борбордук мамлекеттик  кинофотофонодокументтер архиви жана Россиянын “Память народа” сайтынын маалыматына таянып баяндама жасаган. Мындан сырткары, бул материалда кыргызстандык дипломат Марат Асанкуловдун айтымында 1970-жылдары багдадтыктар “Запкыдан бошотуу” киноэпопеяны көргөндө эмне үчүн тура калып кол чапканын тууралуу да  айтылат.

8-гвардиялык аткычтар дивизиянын курамындагы 19-аткычтар полкунун ага сержанты Семет Ботбаев. 1967-жыл. 

КР борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архиви.

Эр жолдошу —  тобокел

1911-жылы  бул каарманыбыз  Кемин районунда төрөлгөн. 1941-жылы 22-июнда Улуу Ата Мекендик согуш башталганда ал Кемин районунун  Калинин айылынан аскерге чакырылган. Аны аскердик комиссариат жаңыдан куралып жаткан Панфилов дивизиясына бөлүштүрөт. Ботбаев кан майданда көрсөткөн каармандыгы үчүн аскердик орден жана медалдар менен сыйланган. Биринчи жолу Семетти командачылык 1943-жылы 7-июлда “Аскердик каармандык” медалы менен сыйлаган. Анын эрдиги тууралуу Россиянын “Память народа” сайтындагы архивдик материалга таянсак төмөнкүчө баяндалат: 1941-жылы октябрда Москваны коргоодо Ботбаев ага сержант наамында маалымат чогултуу пунктунун жетекчиси болуп дайындалат. 26-октябрда түн ичинде Семет байланышчылар менен чогуу Волокаламск районундагы Ивановка кыштагын ээлеген фашисттерди сүрүүдө биринчи катарда болгон. Мындан сырткары ал эки жарадар жоокерди согуш талаасынан алып чыккан.

1942-жылы 20-февралда Новгород облусунун Холм районун Сутоки айылынын жанындагы салгылашта байланышчылардын тобу менен биргеликте душманга эки ирет чабуул койгон. Бир да жолу маалыматты  командачылыкка берүүнү үзгүлтүккө учурутпастан, корреспонденцияны жоготкон эмес. Полкто түзүлгөн күндөн баштап кызмат өтөөдө. Улуту кыргыз, Коммунистик партиянын мүчөсү. Жумушчу-Дыйкан Кызыл Армиянын (РККА) катарына Фрунзе облусунун Кемин районунун аскердик комиссираты тарабынан чакырылган” деген кыскача маалымат жогорудагы медаль менен сыйлоо тууралуу буйрукта жазылган.

1944-жылы 18-июлда аны командачылык “Кызыл Жылдыз” ордени менен сыйлайт. Жеңиш күнүн ал полктоштору менен Латвияда тосот. 1945-жылы 9-сентябрда Ботбаев “Фашисттик Германияны  жеңиши үчүн” медалы менен сыйланат. “Эрдин жолдошу тобокел” дегендей бул жердешибиз документтерде жазылгандай өмүрүн тобокелге салып чабуулда  куралдаштарынын алдында жүргөн. Улуу Ата Мекендик согуш бүткөндөн кийин Кемин токой чарбасында иштеген.

8-гвардиялык аткычтар дивизиясынын ага сержанты Ольга Добробабина-Аношкина. Фрунзе, 1967-жыл.

КР борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архиви.

Түбөлүк сүйүү

Ольга 1920-жылы Куйбышев облусунун Кинель районунун Тача айылында жарык дүйнөгө келген. 1930-жылдары анын ата-энеси Кыргызстанга  көчүп келет. 1940-жылы ал Чүй райондук партиялык  комитетинин техникалык катчысы болуп иштей баштайт. Ошол эле жылы Иван Добробабин менен баш кошот. Иван Чоң Чүй каналынын курулушунда иштечү. Экөө Токмокто жашачу. 1939-жылы Иван Монголиянын Халхин-Гол аймагында япон баскынчыларына каршы согушка катышкан. Ольга Кыргыз ССРнин аскер комиссары генерал Иван Панфиловду жакындан таанычу. 1941-жылы 22-июнда фашисттик Германия СССРге кол салганда, Токмокто митинг өтөт. Бул митингке Панфилов да келет.  Добробабин ушул жыйында Халхин-Голдо япондор менен салгылашканын, согуштук тажрыйбасы бар экенин айтат. Мени ыктыярчы катары кан майданга жөнөткүлө деп Панфиловго кайрылат. Ошентип ал 316-аткычтар дивизиясынын катарына биринчилерден болуп кошулат. 1941-жылы 16-ноябрда ал Москванын Дубосеково  жолундагы салгылашууда жыйырма сегиз панфиловчунун ичинде душмандын чабуулунун мизин кайтарат. Салгылаш учурунда катуу контузия алып туткунга түшкөн. Бирок командычылык аны баатырларча курман болгон деген ойдо аны Советтер Союзунун Баатырлыгына сунушташат. 1942-жылы 21-июлда Добробабинге жогорудагы наам ыйгарылат. Ал туткундан качып Чыгыш Украинада жашынган. Ольга да  жолдошунун тирүү калганын билген эмес. 1943-жылы майда Аношкина өз ыктыяры менен Жумушчу-Дыйкан Кызыл Армиясынын катарына өтөт. Адегенде ал Панфилов дивизиясынын саясий бөлүмүндө ага катчы –машинист болуп баштайт. Андан кийин ушул дивизиянын 6-өзүнчө медициналык-санитардык батальонунда кызматын улантат. 1944-жылы 18-мартта аны командачылык “Аскердик каармандыгы үчүн” медалы менен сыйлайт. Ошол учурда 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы 2-Прибалтика фронтунун курамында Балтика деңизинин боюндагы республикаларда фашисттик баскынчыларды сүрүп жаткан учур эле. Ольга бул салгылаштарда эки ирет жарадар болот. Андан соң командачылык анын согуш талаасында көрсөткөн эрдигин жогору баалап, “Кызыл жылдыз” ордени менен сыйлайт. 1945-жылы 9-сентябрда аны командачылык “Фашисттик Германияны жеңиши үчүн” медалы менен сыйлайт. Ал эми 1944-жылы мартта Иван Украинада советтик армиянын катарына кошулуп, Молдавияны бошотууга, Будапешт менен Вена шаарларын алууга катышат. Кан майданда көрсөткөн эрдиги үчүн бир нече аскердик медаль жана орден менен сыйланат. Ага Дубосеково алдындагы каармандыгы үчүн Советтер Союзунун Баатырынын алтын жылдызы берилет. Согуштан кийин Иван менен Ольга Токмоктон жолугуп, кайрадан түтүн булатып жашай башташат. Бирок экөөнүн отү күйүшпөй, ажырашат. 1948-жылы жалган жалаа менен Добробабин Советтер Союзунун Баатыры наамынан ажыратылып, түрмөгө кесилет. Аношкина экинчи жолу турмушка чыкпай, жалгыз  жашайт. Бирок ал Добрабабиндин фамилиясын өзүнүн фамилиясына расмий түрдө кошуп алат. 1955-жылы Иван түрмөдөн чыгып, Цимлянск шаарына отурукташат. Ал экинчи ирет үйлөнөт. Добробабин өмүр бою куугунтукталып, акталбаганына өкүнүп жашоосу арман менен өтөт. 1996-жылы Иван акка моюн сунат. Бирок Ольга үчүн ал баатыр бойдон калат. Добробабин ичер суусу аз калганда Аношкинага кат жазат. Анда ал экөөнүн баш кошуп бактылуу болгонун  катында баса белгилейт. Бул каттын мазмуну тууралуу кесиптешибиз Александр Тузов “Вечерний Бишкек” гезитинде жазган. Цимлянск калаасынын тургундары акча чогултуп Иванга арнап, Баатырлар аллеясында бюстун орнотушкан. 2006-жылы Добробабина Бишкектеги үйүн алдамчыларга алдатып, Россияга кетет. Ал жерден да жолу болбой кайрадан Кыргызстанга келет. Аны Бишкек темир жол вокзалынан генерал Калыйнур Үсөнбековдун катчысы Фаина Смирнова тосуп алат. Аношкина- Добрабабина өмүрүнүн аягында карылар үйүндө жашап калат. 2009-жылы Ольга каза болот. Аны КР Коргоо министрлиги аскердик шаани менен акыркы сапарга узатат. Эстелигин да бул ведомоство каржылайт. Фрунзенин ардагерлер комитетинин төрагасы маркум Юрий Морозовдун сунушу менен афган согушунун ардагери гвардиянын запастагы подполковниги Чолпонбек Беккелдиев аркылуу борбордогу генерал Иван Панфилов атындагы №6- мектеп- гимназияга Аношкина-Добрабабинанын документтеринин түпкү нускаларын, аскердик жана юбилейлик медалдар менен ордендерин өткөрүп берет. Мындан сырткары Морозов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине арналган төрт фото альбомду мектепке өткөзүп берген. Ал согушка чейин жогорудагы орто мектепти бүткөн. Беккелдиев бул мектепте алгачкы аскердик даярдык боюнча сабак берчү. Чолпонбек Беккелдиев, Ольга Горбунова жана Зебинисо Юсупханованын демилгеси менен ушул орто мектепте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине арналган “Аскердик  даңк” атындагы кабинетти жасалгалашат. Азыркы күндө да бул мектептеги кабинет иштейт.

КР борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архиви.

Мамыркул Чукеев 107-өзүнчө  Кыргыз улуттук атчандар дивизионундагы саясий бөлүмүнүн жетекчиси,  Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин кадрлар бөлүмүнүн  башчысы, Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин депутаты. 

Баатырдын өмүрү кыска, даңкы узун

Бул каарманыбыз тууралуу маалымат абдан аз. Ал 1905-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Боз-Учук айылында төрөлгөн. Ал эрезеге жеткенде Кеңеш өкмөтү Кыргызстанда бийлигин орноткон. Ошол учурда Совет бийлиги улуттук аскердик структураларды түзө баштаган. 1927-жылы  өзүнчө Кыргыз улуттук атчандардын дивизиону түзүлөт. Мамыркул бул дивизиондун саясий бөлүмүнүн жетекчиси болуп, аскердик кызматын өтөйт. Ал кыргыздын ичинен чыккан алгачкы офицерлердин бири болот. Анын дивизиону 1932-жылы октябрда өзүнчө Кыргыз улуттук аймактык полкуна айланат. Чукеев аскердик кызматтан партиялык жумушка которулуп, Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетнинин кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалат. Андан кийин Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин депутаты болуп шайланат. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда ал кан майданга аттанып, 46-гвардиялык дивизиянын 135-гвардиялык полкундагы батальондун командиринин орун басарлагына дайындайт. Согушта Мамыркул майор наамына чейин жетет. 1944-жылы 5-ноябрда Чукеев Латвиядагы салгылаштын биринде катуу жарат алып, госпиталда каза болот. Мамыркулдун сөөгү бул республиканын  Лиепая уездинин Айзвити болуштугунун Швиршты айылынын көрүстүнүнө коюлат. 25-ноябрда аны командачылык Улуу Ата Мекендик согуштун II даражадагы ордени менен сыйлайт. Каарманыбыз 39 жашында каза болсо да, анын өмүрлүк жолу баатырдын өмүрү кыска, даңкы узун деген макалдын мазмунуна төп келет.

Аскердик котормочу Марат Асанкулов (сол жактан үчүнчү) атасы Кыргыз ССРнин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы Жумабек Асанкулов жана бир туугандары менен. 1973-жыл, Ысык-Көл облусу. Марата Асанкуловдун жеке архивинен. Марат  Асанкулов КР Тышкы иштеринин министрлигинин мурдагы кеңешчиси.

Багдадтыктар  “Запкыдан бошотуу” киноэпопеяны көргөндө тура калып кол чапкан

Мен кесибим боюнча араб таанычумун. 1973-жылы жетекчилик мени Багдадка кызматтык тапшырма менен жиберген. Ушул өлкөдө Улуу Ата Мекендик согуш менен байланышкан бир окуя болгон. 1968-1972-жылдары белгилүү советтик кинорежиссёр Юрий Озеров атактуу советтик жазучуулар Юрий Бондарев менен Оскар Кургановдун сценарийи боюнча “Запкыдан бошотуу” (Освобождение) аттуу беш сериядан турган киноэпопеяны тарткан. Бул картинада совет элинин фашисттик Германия менен анын өнөктөштөрүнө кандай күрөш жүргүзгөнү баяндалат. Чогуу иштеген арабдар менен атайын ушул тасманын “Берлинди алуу” аттуу бешинчи бөлүгүн көрүүгө бардык. Байкасам көрүүчүлөр залда толтура. Адатта зал толбой калчу. Анын үстүнө Багдадтын кинотеатрларында көркөм же даректүү тасма бир жума эле көрсөтүлчү. Бирок “Запкыдан бошотуу” киноэпопеясы Ирактын борборунда үч жумадан бери көрсөтүлүп жаткан учур болчу. Жогорудагы көрүнүш бул киноэпопеяны Ирактын эли ушунчалык жылуу кабыл алып көргөндүн далили. Ушул тасманын аягында согуштун кесепетинен Советтер Союзу жыйырма миллион калкынан ажыраган деген маалыматты (советтик доордо расмий түрдө ушул маалымат берилчү) көрүүчүлөр окуп угуп ээси оогон. Белгилей кетчү жагдай ошол убакта Ирактын калкы жыйырма миллион болчу. Тасма аяктап, залга жарык берилгенде көрүүчүлөрдүн бардыгы тура калып кол чабышкан. Ошондо мен ичимен Советтер Союзунун жараны экениме аябай сыймыктандым. Ал сезимди сөз менен айтып жеткире албайсың.