Жаңылыктар
Сузак районунун тургундарына коопсуз жайдан жер берилди
Өзгөчө кырдаал
 Сузак районунун тургундарына коопсуз жайдан жер берилди

Сузак районунун жер көчкү коркунучу бар аймакта жашаган тургундарына коопсуз жайдан жер берилди. Бул саамалык өкмөттүн токтомуна ылайык, Алмалуу-Булак айылынынын жашоочулары Кызыл-Туу айыл аймагынан 35 гектар жерге ээ болушту.
 

Ушул жылдын апрель айында, Алмалуу-Булак айылында катталган жер көчкү бир адамдын өмүрүн алып, 9 үй-бүлөнүн турак жайын толугу менен басып калган. Турак жайы көчкү алдында калгандардын катарында Жумакан Козуевада бар эле. 

Азыр ал бала-чакасы менен "Таштак" айылында туугандарынын үйүндө жашап келет. Жалгыз бой эненин айтымында, көптөн күткөн тилеги ишке алып, эми коопсуз жайдан жер берилип отурат.

Жумакан Козуева менен катар эле 8 сотка жерге ээ болгон Абдибали Табалдиев болсо, бөлүнүп берилген жер тилкесине үйүнүн пай дубалын быйыл эле тургузууну көздөп жатат.

Учурда өтө кооптуу жер көчкү коркуну бар аймакта делинген, 300 үй-бүлө жер тилке менен камсыз болду. Бирок муну менен маселе толук чечилген жок. Адистер белгилегендей дагы 70тин тегерегиндеги үй-бүлө өтө коопту жер көчкү жүрүүчү аймакта жашап жатат.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118