Жаңылыктар
Баткендиктерге жеңилдетилген насыя берүү сунушталды
Аймак
Баткендиктерге жеңилдетилген насыя берүү сунушталды

Улуттук банк коммерциялык банктарга баткендиктерге артыкчылык менен насыя берүүнү сунуштады. 

Токтомго ылайык, Улуттук банк коммерциялык банктарга, микрофинансылык уюмдарга Баткен облусунда жашап, чарба ишин жүргүзгөн карыз алуучулардын кепилдик алууга билдирмелерин артыкчылыктуу тартипте кароону, ошондой эле кредиттерди берүү боюнча өзүнүн ички жол-жоболорун кайра карап чыгууну сунуш кылынган. 

Насыя алууда карыз алуучулар тарабынан берилүүчү документтер боюнча Улуттук банктын талаптарын жеңилдетүү эрежелери каралган.