Жаңылыктар
Стамбулда жардыруу болду
Дүйнө
Стамбулда жардыруу болду

Стамбулдун Йенибосна районунда полиция бекетинин жанында катуу жардыруу болду. 

Стамбулдун мэри Васип Шахин 10 киши оор жараат алганын билдирди. Жардырууну мотоцикл минген жанкечти ишке ашырган. 

Стамбулдун Йенибосна районунда Кыргызстандын диаспорасынын кеңсеси да бар. Окуяда болгон учурда кеңседе эч ким болгон эмес деп билдирди диаспоранын башчысы Айбек Сарыгулов.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118