Жыл башынан бери өлкөгө ташылып келинген 150 даана ветеринардык дары-дармек каражаттарынын сапаты текшерилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында каттоо күбөлүктөрү берилди.
700 даана ветеринардык дары-дармек каражаттарына шайкештик сертификаттары тапшырылды. Анын ичинен 250 аталыштагы ветеринардык дары-дармек каражаттарынын сапаты текшерилген.