Жаңылыктар
Махабаттан бир эстелик тургуздум... КР эл акыны Омор Султанов
Маданият
Махабаттан бир эстелик тургуздум... КР эл акыны Омор Султанов

КР эл  акыны, жазуучу, киносценарист жана коомдук ишмер Омор Султанов Жети-Өгүз районунун Тосор айылында 1935-жылы 6-ноябрда туулган. 2022-жылы 3-апрелде дүйнөдөн кайткан.  

Омор Султанов – жыйырманчы кылымдын соңундагы кыргыз поэзиясындагы жаңы агымдын өкүлү болгон. Омор Султановдун чыгармалары, макалалары 1953-жылдан баштап жарык көрө баштаган. Биринчи ырлар жыйнагы «Тоо күндөрү» деген ат менен 1961-жылы жарык көргөн. «Кыргызфильм» киностудиясы тарабынан экрандаштырылган «Төкмө», «Жазуучу», «Ак куулар конгон айдың көл» ж.б. даректүү жана көркөм фильмдердин сценарийлерин жазган.

Омор  Султановдун чыгармалары орус, англис, немец, испан, француз, монгол, поляк, украин, венгер, словак, чех ж. б. тилдерге которулган. Ал А.Пушкин, М.Лермонтов, Бартольд Брехт, Пабло Неруда, Габриела Мист-раль, В.Маяковский, Н.Хикмет, К.Кулиев, Р.Гамзатов, И.Драч, Э.Межелайтис ж.б. акындардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Сен жөнүндө поэма

Нуруна окшош түндө жанган жылдыздын
Сүйүүсүнөн кыздарынын кыргыздын,
Асыл таштай миң кубулуп көрүнгөн
Махабаттан бир эстелик тургуздум.


Арзуу ырларынын  чебери Омор Султанов  ким деген  суроого кичинекей гана макала  менен  жооп бере албашыбыз анык кеп. Тек гана  бир аз гана маалымат берүүнү туура көрүп олтурам.Акын тууралуу кеңири  маалымат алгыңыздар келсе, акындын ыр жыйнактарын, кара  сөздүн  каймагын калпыган чыгармаларын, түп нускадан  ашса ашып, кемибей которулган  котормолорун, ыр менен  жазылган  романын окуңуз.         

Эл аралык  ТҮРКСОЙ  уюму менен Евразия жазуучулар бирлиги кыргыз  улуттук  поэзиясынын бийик тоосу   Омор Султановду “Түрк  дүйнөсүндөгү мыкты жазуучу” деп атап,  2015-жылды  Омор Султановдун  жылы деп аташкан эле...андан бери туптуура  7 жылдын  жүзү  болуптур.

Жакында Алыкул   Осмонов  атындагы Кыргыз Республикасынын  улуттук  китепканасында   “Тосор”  коомунун  илимий-теориялык  комитети чыгармачыл  чөйрө жана   поэзия күйөрмандары үчүн  акынды  эскерүү  конференциясын  өткөрүштү.Акындын  чыгармачылыгы  тууралуу  сонун ойлор айтылып, бийик  баалар берилди.

                 Конференцияда айтылган ойлор

                 КР эл акыны Токтосун Самудинов:

... Эгерде Чыңгыз  Айтматов Саякбайга   улуу  акын деп бийик баасын берсе, азыркынын  улуу акыны деп Омокемди  гана  айта алабыз. Омокем поэзиянын чоң  планетасы. Ал өзүндөгү  ыр толкунун дүйнөлүк  толкунга  кошту!

               Эл аралык  ТҮРКСОЙ   уюмунун баш катчысы, КР эл жазуучусу Султан  Раев: 

Омор Султановдун  “Ак булуттары”  – адамдын бүткүл  жан дүйнөсүнүн спектри, сезимдин алгачкы бүчүрлөрү.

               Миталип Мамытов: КР Баатыры:

Пандемия убагында  ооруп калды... Омордун мээсине 3 жолу  колум тийди. Өзүнүн өмүрүн  мага ишенип берди. Бирде билсе, бирде билбей жатты. Менин  колум тийген  адам – мага бир туугандай болуп калат. Мени кудайым, коргоочум дечү. Бул өзгөчө адам. Мээден жүрөккө  кол салды. Кандай сонун   ырлары бар.

               Эсенбай  Нурушев, публицист:

Менимче элдин  жүрөгүнөн  орун алган  кыргыздарда үч эле киши болду. Биринчиси  Саякбай, экинчиси Чыңгыз  Айтматов, үчүнчүсү  Омокем. “Сен жөнүндө”  поэмасы дүйнөлүк  шедевр. Биз  университетте окуп жүргөндө  Петрарка, Данте дегендерди окуп таң  калып жүрдүк.Алардын  ырларын  жаттап, суктанып тамшандык.  Көрсө арзуу темасын алардан ашса ашыра жазып, кем калбаган,  дүйнөгө  жар салган  Омор акебиз бар экен.

               Акбар   Рыскулов  КР эл акыны:

Орустун  улуу акыны Андрей  Вознесенский : «Мы забыли слова «дар», «гениальность», «озарение». Без них искусство - нуль...Таланты не выращиваются квадратно-гнездовым способом. Они рождаются. Они национальные богатства - как залежи радия, сентябрь в Сигулде или целебный источник», - деген  учкул сөзүн Омор Султановго карата айткым келет.Кыргыз  адабияты  алтымышынчы жылдары профессионалдык деңгээлге өсүп, топ жарган  жаш  акындар  жаңыча ойлонуу, жаңыча жазууну  адабият майданына  алып келишкен.Алтымышынчы жылдары лирика айдыңына  жаңы чыйыр салгандардын бири катары Омор Султанов – кыргыз элинин, жеринин  гана  акыны  эмес,учурунда  союздук, эл аралык , дүйнөлүк  иш чараларга катышып, ааламдык алкакка  белгилүү болуп калган  акын эле.


                 Тилектеш  Ишемкулов, КР   маданиятына  эмгек сиңирген  ишмер:

Омор менен и 55  жыл  чогуу жүрдүк, бир күн  да сүйлөшпөй  калган учурубуз болгон эмес. Омор Султанов өз учурунда орус совет   адабиятынын С.Михалков, И.Тихонов,К.Симонов, А.Твардовский ж.б...мындан  сырткары улуттук  адабияттын М.Ауэзов,О.Сулейменов,Р.Гамзатов,М.Карим,Д.Кугултинов, К.Кулиев,А.Якубов,К.Төлөпбергенов өңдүү  кыйын  калемгерлер  менен тыгыз байланышта  болгон.

            “Жаралгансыз  жан берүүгө   сүйүүгө” деген  ырымда:

                 Ырларыңыз  лириканын ширеси,

                 Аа катылган жашоонун  бүт элеси.

                 Поэзия  болсо түпсүз  океан,

                 Сиздин ырлар – анын чөкпөс кемеси!”

               Асылбай  Ибраев, КР улуттук жазуучулар союзунун  мүчөсү, англис филологиясынын  профессору:

"Кыргыздын  аң-сезиминин  туу үлгүсү  кылып Манас эпопеясын, Чыңгыз  прозасын, Омор  поэзиясын  алсак  туура болчудай.Боз үйдү шамалдан кыймылдатпай  кармап, коргоп турган үч талдуу аркан  жел боо болсо, кыргыз  рухун, поэтикасын  жана философиялык уругун сактап, коргоп турган, улут катары  башкаларга  тааныштырган – Манас-Чыңгыз-Омор триадасы".

Конференциянын  жүрүшүндө  Эл аралык  ТҮРКСОЙ  уюмунун баш катчысы, КР эл жазуучусу Султан  Раев  акындын тандалмаларын  түрк тилинде чыгарууга  көмөктөшөөрүн, КР улуттук жазуучулар Союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков  эки адамды – Омор Султанов менен Мар Байжиевди  КР Баатыры, “Тосор” коомунун илимий теориялык комитети акынга  Кыргыз Республикасынын Баатыры, ТҮРКСОЙдун академиги деген  наамды ыйгаруу өтүнүчү  менен  мамлекет  башчысына  кайрылуу сунушун айтышты.

                                                                Гүлмира  Кулумбаева