Жаңылыктар
Өлкөдө аз камсыз болгон 2 800 үй-бүлө өкмөттөн 100 миң сомдон грант алып, бизнес баштады
Экономика
Өлкөдө аз камсыз болгон 2 800 үй-бүлө өкмөттөн  100 миң сомдон грант алып, бизнес баштады

"Социалдык контракт" долбоорунун алкагында республика боюнча 2800 жакыр үй-бүлө жеке бизнесин баштоо үчүн 100 миң сом өлчөмүндө грант алышты.

Долбоордун катышуучулары айыл чарба, кызмат көрсөтүү, тигүү иши, үй чарбасы, соода тармактарында бир нече айдын ичинде эле ишкердик ишмердүүлүктө ийгиликтүү ишке ашырып жатышат. 

Мамлекет жакырчылыкты жоюу максатында Социалдык коргоо министрлиги аркылуу "Социалдык келишим" долбоорун ишке ашырып келет.