Жаңылыктар
Ереванда ЖККУ сессиясынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
Саясат
Ереванда ЖККУ сессиясынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын жыйынтыгы боюнча бүгүн, 23-ноябрда, Ереван шаарында бир катар документтерге кол коюлду.

Уюмга мүчө болгон Кыргыз Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын мамлекет башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:

- Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Башкы катчысы жөнүндө” чечими;

- Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешине төрагалык кылуунун мөөнөттөрү жөнүндө” чечими;

- Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча Мамлекеттер аралык комиссиясынын Төрагасы жөнүндө” чечими;

- Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги жана Шанхай кызматташтык уюму менен кызматташтыкты өнүктүрүү ниеттери жөнүндө” чечими;

- Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун конгресс-көргөзмө иш-чарасы жөнүндө” чечими;

- Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жалданма» оперативдүү-профилактикалык иш-чаралар комплексине Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун «Жалданма» туруктуу аракеттин («Жалданма» операциясы») аймактык антитеррордук операциясынын статусун берүү жөнүндө») чечими;

- Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык коопсуздук келишимине кол коюлгандыгынын 30 жылдыгына жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 20 жылдыгына байланыштуу сыйлыктар жөнүндө» чечими;

- Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Ардак белгиси менен сыйлоо жөнүндө» чечими;

- Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 2021-жылдагы Бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жөнүндө” чечими;

- Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “2023-жылга Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Бюджети жөнүндө” чечими ж.б.

Белгилей кетсек, ЖККУда төрагалык кылуу Армения Республикасынан Беларусь Республикасына өттү.

Өз кезегинде 2023-жылдын 1-январынан тартып ЖККУнун Башкы катчысы Казакстан Республикасынын өкүлү Имангали Тасмагамбетов болот.