Жаңылыктар
Өлкөнүн тышкы карызы мыйзамда бекитилген ченемден аштыбы?
Экономика
Өлкөнүн тышкы карызы мыйзамда бекитилген ченемден аштыбы?

Кыргызстандын мамлекеттик карызы коопту чийинге жакындап калганын эл аралык валюталык фонду эскертүүдө. 

Ошол эле маалда Каржы министрлигинин адистери бул багытта кооптонууга негиз жок экенин билдиришет. Учурда өлкөнүн тышкы карызы ички дүң өндүрүмдүн 57  пайызын түзүүдө. 

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө биздин өлкө эл аралык уюмдар, донорлор жана мамлекеттерге 3 миллиард 646 миллион доллар карыз. Бул көрсөткүч Ички дүң өндүрүмгө карата 57 пайызды түзүп, мыйзамда жол берилген ченемде турат. 

Өлкө тышкы карыздарын жана эл аралык уюмдарга болгон милдеттемелерин так аткарып, кечиктирбей төлөп жаткандыктан өкмөт жеңилдетилген шарттарда насыяларды алууну уланта бермекчи.

 

Мээрим Абдраманова