Жаңылыктар
Ала-Бука районунда 90 орундуу эки бала бакчанын курулушу жүрүп жатат
Аймак
Ала-Бука районунда 90 орундуу эки бала бакчанын курулушу жүрүп жатат

Ала-Бука районунун Ак-Там айыл аймагында 90 орундуу эки бала бакчанын курулушу 70-80 пайызга аяктап калды. 

Мектепке чейинки билим берүү мекемелерин курууга райондун өнүктүрүү фондунан 39 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн. Ала-Бука районунда жалпы 28 бала бакча бар, камсыздоо 32 пайызды түзөт.

Район боюнча дагы төрт мектепке чейинки мекеме курулууда.