Жаңылыктар
Кыргызстан менен Италиянын ишкерлеринин ортосунда байланыш түзүү аракети көрүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Италиянын ишкерлеринин ортосунда байланыш түзүү аракети көрүлүүдө

Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына инвестициялык паспорттор Италия тараптын кароосуна берилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Италиядагы элчисы Таалай Базарбаев менен Брешиа шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Роберто Сакконенин жолугушуусу учурунда маалым болду. 

Жолугушууда эки мамлекеттин ишкерлерине өз ара пайдалуу байланыштарды түзүүгө көмөк көрсөтүү маселелери талкууланды. Базарбаев Кыргызстандын инвестициялык жана экспорттук потенциалы, бизнес жүргүзүү шарттары, чет элдик инвесторлорго берилген жеңилдиктер менен тааныштырды. 

Сакконе Кыргызстан менен Италиянын ишкерлери ортосунда байланыш түзүүгө көмөк көрсөтүүгө, долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Брешиядан Кыргызстанга бизнес-делегациянын сапарын уюштуруу маселесин карап чыгууга даяр экендигин билдирди.