Жаңылыктар
Баткенде 5 адам тамактан ууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде 5 адам тамактан ууланды

Баткендин Кадамжай районунда тамак-аштан беш адам ууланды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, алар 21-ноябрда тамакка ууланып, кийинки күнү медициналык жардам алууга кайрылган. 

Бейтаптар Кадамжай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. “Үч жабырлануучунун абалы өтө оор. Бейтаптар жасалма дем алдыруучу аппаратта жатышат. Бардык жабырлануучулардан лабораториялык изилдөө үчүн клиникалык материалдар алынды”, - деп айтылат маалыматта. 

Алдын ала эпидемиологиялык иликтөө иштеринин жүрүшүндө ууланган адамдар жумуш ордунда түшкү тамактануу учурунда үй шартында жасалган жашылча консервалары менен азыктанышкан.