Жаңылыктар
Кыргызстанда гендерлик зомбулукка каршы кампания башталат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда гендерлик зомбулукка каршы кампания башталат

«Коркпо! Токтот! Жаша!» аталышындагы гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампания 25-ноябрдан тартып республика боюнча старт алат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди.

 Айтымында, 25-ноябрда дүйнө жүзү боюнча гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк башталат. Акциянын негизги максаты - коомдун үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукка каршы аракеттерин жогорулатуу, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар аркылуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу. 

«Эгерде өлкө калкынын жарымынын потенциалы пайдаланылбай, ал эми аялдардын укугу бузулуп жатса, дүйнөдөгү бир дагы мамлекет динамикалуу өнүгө албайт. Учурда мамлекет тарабынан аялдарды коргоодо комплекстүү ченемдик-укуктук базаны түзүү боюнча тыкыр иштер жүргүзүлүүдө», - деди Эдиль Байсалов.