Жаңылыктар
“Дыйкан Мурас” үрөңдөрдү сактоочулардын тармагы түзүлдү
Айыл чарба
“Дыйкан Мурас” үрөңдөрдү сактоочулардын тармагы түзүлдү

“Дыйкан Мурас” программасынын ишмердигинин  натыйжасында “Дыйкан Мурас” үрөңдөрдү сактоочулардын тармагы түзүлдү. 

Анын курамына алты үрөнчүлүк тилкеси кирет. Тармак жашылчалардын жергиликтүү сортторунун жогорку сапаттуу уруктарын өндүрөт жана таратат. 

“Дыйкан Мурас” программасынын алкагында Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагында  алты жашылча-жемиштердин үрөнүн өңдүрүүчү чакан чарбалар түзүлдү. 

Алар сорттуу жашылчалардан урук өндүрүүнү жөнгө салууга жана ар кыл аймактар арасында өз  ара алмашуу ыкмаларын түзүүгө таяныч катары кызмат кылат.

Кадыр Калилов