Жаңылыктар
Садыр Жапаров: Кен байлыктар мамлекеттин өнүгүүсү үчүн иштейт
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров: Кен байлыктар мамлекеттин өнүгүүсү үчүн иштейт

“Мындан ары эң маанилүү болгон кен байлыктар мамлекеттин өнүгүүсү үчүн иштейт - деп билдирди Президент Садыр Жапаров Биринчи Элдик Курултайда сүйлөгөн сөзүндө.

Ал элдин энчисине айланган, мамлекеттин менчиги болгон кен байлыктарды башкаруу толугу менен катуу көзөмөлдө болорун айтты.

Садыр Жапаров өлкө экономикасын алга жылдырууга өбөлгө боло турган кен байлыктарды иштетүүдө инвесторлорго шарт түзүү, инвестиция тартуу маселелерине олуттуу көңүл бурула турганын айтты. 

Келечекте күчтүү, өнүккөн мамлекет болуу үчүн, өлкөдөгү бардык ири кен байлыктарды мамлекеттин кызыкчылыгына иштетип, жергиликтүү элдин суроо-талаптарын орундатуу зарылдыгына токтолду.