Жаңылыктар
10 айда мыйзамсыз жүгүртүүдөн түшкөн товарлар
Кыргызстан жаңылыктары
10 айда мыйзамсыз жүгүртүүдөн түшкөн товарлар

10 айда мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 368 миң 123 бөтөлкө алкоголдук продукция жана 226 миң 50 куту тамеки аныкталып, тартып алынды.

Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, бузуулардын көпчүлүгү акциздик маркаларсыз же жасалма маркалары менен алкоголдук жана тамеки продукцияларын сатууга байланыштуу болгон. 

Мындай продукцияларды өндүрүү, импорттоо жана сатуу, акциздик маркаларды жасалмалоо үчүн жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып салынат. Ал эми ири өлчөмдө 100 миңден 200 миң сомго чейин айып салуу же беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат. 

Ушуга байланыштуу Салык кызматы ишкерлерге тамеки же алкоголдук продукцияны акциздик маркаларсыз сатпоону, анын аныктыгын жана продукцияга шайкештигин кылдат текшерүүнү сунуштайт.