Жаңылыктар
Баткенде майрамдык иш-чараларга чектөө кирди
Аймак
Баткенде майрамдык иш-чараларга чектөө кирди

Баткен шаарынын бийлиги майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалыматка караганда, мындай чектөөлөр шаардык, райондук жана облустук масштабга тиешелүү жана 2023-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот. 

Мэрия мындай кадамга сентябрь айында болгон чек ара жаңжалында 63 адам каза болуп, 200дөн ашуун адам жаракат алгандыгы менен түшүндүргөн. 

Чектөөлөр Жаңы жыл, 8-март, Нооруз, Акыркы коңгуроо, Балдарды коргоонун эл аралык күнү, Жеңиш күнү, Эгемендүүлүк күнү жана кесиптик майрамдарды майрамдоого тиешелүү.