Жаңылыктар
Кыргызстандын аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кырсык
Кыргызстандын аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

28-ноябрга караган түнү Кытай менен Казакстанда жер титиреп, силкинүү Ош менен Таласта да сезилгенин ӨКМ Сейсмология институтуна таянып кабарлады.

Маалыматта саат 01:58де Кытайдын аймагында очогунда күчү 5,5 баллга, ал эми Казакстанда 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Кытайдагы силкинүү Ош облусундагы Алай районунун Эркеч-Там, Нура айылдарында 4,5 балл, Терек, Кан-Коргон айылдарында 4 балл, Көлдүк айылында 3 баллга чейин сезилген.

Ал эми түнү саат 02:34тө Казакстанда очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө Таластагы Кара-Буура районунун Кайнар, Көк-Сай айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген. Кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.