Нарын шаарында таза суу маселеси бүтпөс көйгөйгө айланды. Ичүүчү суу долбоору насыяга ишке ашырылган. Жумуштар сапатсыз жасалганы аз келгенсип, алынган кредитти төлөө жергиликтүүлөрдүн баш оорусуна айланууда. Бул маселе Биринчи Элдик Курултайда дагы көтөрүлүп, Нарын шаарынан келген делегат таза суу үчүн алынган насыяны кечип берүүнү өтүндү.