Жаңылыктар
Президент кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө келишимди ратификациялоо мыйзамына кол койду
Чек ара
Президент кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө келишимди ратификациялоо мыйзамына кол койду

Президент Садыр Жапаров “2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек аранын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Мыйзамга кол койду. 

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 17-ноябрда кабыл алган. Документ ушул жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган кыргыз-өзбек Мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө Келишимди ратификациялоону сунуштайт. 

Келишимде эки өлкөнүн чек арасындагы 302,29 чакырым аралыктагы участоктор кирген.