Жаңылыктар
Венгриянын окуу жайларына тапшырууну каалагандар үчүн тандоо башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Венгриянын окуу жайларына тапшырууну каалагандар үчүн тандоо башталды

Венгрия стипендиясы программасынын алкагында 2023-2024-окуу жылында Венгриянын жогорку окуу жайларында билим алууга сынактык тандоо башталды. 

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандын жарандарына Венгриянын ЖОЖдорунда бакалавриат, бир деңгээлдүү магистрдик программа, магистратура жана докторантура боюнча венгр же англис тилдеринде окуу үчүн гранттар бөлүнөт.

“Конкурстук сыноолорго каттоо жана катышуу акысыз негизде жүргүзүлөт. Башка агенттиктер аркылуу тапшырбаңыз жана алардын тапшыруу кызматтары үчүн акы төлөбөңүз”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 2022-жылдын 1-декабрынан 2023-жылдын 13-январына чейин программага катышуу боюнча суроолорду билим берүү министрлигинин электрондук дарегине жөнөтсө болот.