Жаңылыктар
Баткенде лицензиясы жок иштеген автомектеп жабылды
Коррупция
Баткенде лицензиясы жок иштеген автомектеп жабылды

Баткен облусунда лицензиясы жок ишмердүүлүк жүргүзүп келген автомектептин филиалы жабылды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, облус аймагында 27 автомектеп бар. Анын бешөө спорттук-техникалык коргонуу уюму мекемеси, 10у кесиптик лицейи жана 12 жоопкерчилиги чектелген коом мекемелери бар. 

Жыл башынан бери аталган автомектептерде лицензиялык талаптардын сакталуусу боюнча текшерүүлөр жүргөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамга ылайык, 3 протокол жазылып, эч кандай лицензиясы жок автомектеп ачып алгандыгы үчүн 1 автомектептин филиалы жабылды.