Жалпы салмагы 18 килограммдан ашык баңгизатты сатууга аракет кылган Жалал-Абад облусунун эки тургуну кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Кармалгандар коопсуздук кызматынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.