Шарм-эль-Шейх - Бишкек аба каттамы иштеп жатат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жүргүнчүлөрдү Boeing 737-800 учактары ушул жылдын 30-октябрынан тарта тейлеп келет.
Каттам египеттик компания тарабынан жумасына бир жолу ишке ашырылат.