Жаңылыктар
“Айыл чарбасын каржылоо – 10”: 8 миңден ашык насыя берилди
Айыл чарба
“Айыл чарбасын каржылоо – 10”: 8 миңден ашык насыя берилди

“Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоору боюнча ушул жылдын 25-ноябрына карата 4 млрд 677 млн 551 миң сомго 8 миң 256 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. 

Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча 2 миң 923 долбоор каржыланды. Буга жалпы 1 млрд 197 млн 67 миң сом жумшалды. Мал чарбачылык категориясы боюнча 2 млрд 433 млн 8 миң сомго 4 миң 991 долбоор каржыланды. 

Айыл чарба азыктарын кайра иштетүүгө 1 млрд 47 млн 476 миң сомго 342 насыя берилди.