Жаңылыктар
Москвада OZON компаниясында иштеген 8 кыргызстандык ооруканага түштү
Мекендештер
Москвада OZON компаниясында иштеген 8 кыргызстандык ооруканага түштү

Москвада OZON компаниясында иштеген сегиз кыргызстандык ооруканага түштү. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдиргендей, компаниянын кампасында иштеген бул жарандардын баары менингит дарты менен ооруп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. 

Алынган маалымат боюнча, Истра аймактык клиникалык ооруканасына Кыргызстандын 3 жараны жана Красногорск шаардык №1 ооруканасына 5 жаран жаткырылган. Алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. 

Учурда Роспотребнадзор тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, оорулуулардан тиешелүү анализдер алынууда. 

"Аталган жерге барган элчиликтин кызматкери OZON компаниясынын, Роспотребнадзордун жана медициналык мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушту", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, аталган маселе элчиликтин көзөмөлүндө.