Президент Садыр Жапаров Биринчи Элдик Курултайдын Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту.
Мамлекет башчысы аксакалдарды Элдик Курултайдын ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, элдин ишенимине ээ болуп, чыныгы ой-мүдөөсүн бийик трибунадан жеткирген делегаттарга ыраазычылыгын билдирди.
Ал белгилегендей, Курултайда эки күн бою ачык-айкын сөздөр айтылып, ошонусу менен бул жыйын өзгөчөлөнүп турду. Садыр Жапаров эл менен бийликтин ортосундагы мамиле бекемделип, эриш-аркак ынтымакта иш алпарууга дагы бир кадам жасалгандыгына жалпы кыргызстандыктар күбө болгонун белгиледи.
Садыр Жапаров эл ичинен шайланып келген делегаттар көйгөйлүү маселелерди, аларды чечүүнүн жолдорун өлкөнүн бийлик бутактарынын жогорку жетекчилеринин алдында ачык айтышканын ырастады. Президент бүгүнкү күндө “Элдик Курултай жөнүндө” мыйзам долбоорун андан ары жылдыруу маселеси тургандыгын баса белгиледи.
Өз кезегинде Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү Мамлекет башчысына саясий эрк көрсөтүп, Биринчи Элдик Курултайды өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдиришти. Аксакалдар Президентке алдыдагы пландар, тактап айтканда, алар иштейбиз, деп көздөп жаткан жети багыт тууралуу маалымат беришти.