Жаңылыктар
Таласта "Кара-Кеченин" көмүрү сатылууда
Аймак
Таласта "Кара-Кеченин" көмүрү сатылууда

Талас шаарына "Кара-Кече" кенинен чыккан 5 миң тоннадан ашык көмүр жеткирилди. 

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, көмүр шаардагы “Газпром” комплексинин жанындагы кампада тоннасы 5 миң 200 сомдон сатылууда. Көпчүлүк тургундар көмүрдү сатып алууда жана ал жетиштүү көлөмдө. 

Каалоочулар көмүрдү кап менен да ала алышат.