Жаңылыктар
Ипотекага берилүүчү көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Ипотекага берилүүчү көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталды

Ипотекага берилүүчү үйлөрдүн курулушу башталды. Бул туурасында Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды. 

“Жакында өз ишин жыйынтыктаган биринчи Элдик курултайдын жүрүшүндө делегаттардан ипотекага үй алуу боюнча маселе көтөрүлүп, жыйын жыйынтыгында президент Садыр Жапаров мамлекеттик ипотеканын пайыздык чени 14төн 4 пайызга чейин түшүрүлгөнүн, берүү мөөнөтү да он жылдан жыйырма беш жылга чейин узартылганын, кийинки жылдан тартып ипотекага бериле турган үйлөр өлкө боюнча массалык түрдө курула баштарын билдирген. Мамлекет башчы бул курула турган үйлөр жалаң гана мамлекеттик кызматкерлерге эмес, бардык жарандарга берилерин айткан. Эми президенттин тапшырмасы менен жогоруда белгиленген 15 кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталды”, - деген Туманбаев.