Жаңылыктар
Эсеп палатасынын инспектору пара менен кармалды
Коррупция
Эсеп палатасынын инспектору пара менен кармалды

Эсеп палатасынын инспектору  900 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Улуттук коопсуздук комитетинин коррупцияга каршы күрөшүү кызматы пара талап кылып, акчаны алып жаткан адамды кечээ колго түшүргөн.

Атайын кызмат билдиргендей, инспектор мамлекеттик мекемелердин биринин жетекчисинен 2000 доллар пара талап кылып, акчаны бербесе жумушунан кемчиликтерди таап, акт түзөрүн айтып опузалаган. Ыкчам маалыматтардын негизинде 27-январь күнү мыйзамсыз аракеттин бети ачылды. Буга чейин паранын 1100 долларын алганы аныкталган. Бул боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө иштери жүрүп жатат.