Жаңылыктар
Акылбек Жапаров JICA Президенти Акихико Танака менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров JICA Президенти Акихико Танака менен жолугушту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Японияга жумуш сапарынын алкагында эл аралык кызматташтык агенттигинин Президенти Акихико Танака менен жолугушту.

Акылбек Жапаров Кыргызстан Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин биздин өлкөдөгү ишине жогору баа берерин белгиледи. JICAнын Президенти агенттиктин адистери мындан ары да «Бир айыл - бир продукт» долбоорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүүсүн улантаарын айтты. 

«Аталган долбоордун алкагында өндүрүлгөн продукциялар Японияда гана эмес, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө ийгиликтүү сатылат деп ишенем. Биз буга чын жүрөктөн үмүт артабыз», - деди Акихико Танака.