Жаңылыктар
КР Эл артисти Жамал Сейдакматовага эстелик орнотулду
Кыргызстан жаңылыктары
КР Эл артисти Жамал Сейдакматовага эстелик орнотулду

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматованын эстелиги орнотулду. 

Сахна жылдызы былтыр узакка созулган катуу оорудан кийин 82 жаш курагында дүйнө салган. Актриса 1958-жылы тартылган "Алыскы тоолордо" көркөм тасмасында роль аткаруу менен кеңири таанылган. Кыргыз сахнасында Катарина, Дездемона, Найман эне, Кишимжан, Элпи, Нази, Гүлсүн, Зейнеп, Шафак, Агафе Тихоновна жана Эркеайым сындуу башкы кейипкерлердин образдарын жаратуу менен театр жана кино жылдызы катары элдин эсинде калды. 

Жамал Сейдакматова совет доорунда тынымсыз иштеп далай ролдорду жаратып, 1990-жылы Кыргызстандагы эң алгачкы жеке менчик - “Тунгуч” театрын түптөгөн. 1992-жылы Сейдакматова ал театрдын көркөм жетекчиси болгон. Ошондон бери далай спектаклдерди коюп, театрды кайра жандандып, жаштарга жол көрсөтүп, улуу сахнанын сырлары менен бөлүшүп келген.