Кыйындар тагдыры тууралуу
Таланттуу адам – бүтүндөй бир улутка тишелүү эмес, адамзаттын табияттан алган белеги жана да дүйнөлүк чексиз баркка ээ деп түшүнүп олтурам. Азыркы окурман чубалжыган макаланы окугусу келбейт, ал да болсо убактыбыздын учкан куштай тез өтүп жатканынан, эч нерсе жасоого үлгүрбөй кайдадыр шашканыбыздын да таасириби деген ойдомун. Мен да мүмкүн болушунча кыйындар тагдыры тууралуу кыска жана нуска маалымат берүүнү туура көрдүм.
КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ –АКЫН, ДРАМАТУРГ, МАМЛЕКЕТТИК ИШМЕР, АЛГАЧКЫ КЫРГЫЗ ПРОФЕССОРУ
Касым Тыныстанов 1901-жылы 10 -сентябрда азыркы Ысык-Көл районундагы Чырпыкты кыштагында төрөлгөн. Кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, азыркы кыргыз адабиятына негиз салгандардын бири, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналист, биринчи кыргыз профессору.
Атасы Тыныстан араб алфавитинде окуп-жазганды Касымга үйрөткөн соң, уулун Караколдогу орус-тузем мектебине окууга алып барат. 1912-1916-жылга чейин окуп, орус тилинде үчүнчү классын бүтүрөт.
1916-жылдагы үрккөн эл менен бирге Кытай жерине качып барып,үркүндөгү азап-тозокту өз көзү менен көргөн. 1918-жылы ак падыша тактыдан кулады деген кабар угулган соң, туулган элге кайтып келип,айылына барбастан Тепкедеги таекелерине баш калкалайт.
1919-жылы Каракол уездинде милициянын уездик начальниги болуп турган Садыбакас Ысмайылов деген таякесинин жардамы менен Ташкент шаарына окууга кетип, андагы казак-кыргыз институтуна кирет.
ЛАКАП ЫСЫМ (псевдоним)
Касым ошол кезде Ташкент жана Алма-Ата шаарында казак тилинде чыгып турган "Ак жол", "Учкун", "Тилши", "Өрүш" аттуу газеталарга казак тилинде ырлар жазып, ал ырларынын кээ бирөөлөрүнөн аягына "Кыт" деген лакап ат менен кол коюп турган. "Мариям менен көл боюнда" аттуу өзүнүн туңгуч аңгемесине "Келгин" деген лакап ат менен кол койгон деген да маалымат бар.
Касымдын 1920-жылдан 1924-жылга чейинки казакча жана кыргызча жазган отуз ыры жана "Жаңыл Мырза" аттуу поэмасы 1925-жылы Москва шаарындагы СССРдин элдеринин Борбордук басмаканасынан туңгуч поэзия китеби "Касым ырлар жыйнагы" деген ат менен басылып чыгып, кыргыз улуттук көркөм сөзүнүн тарыхындагы олуттуу көрүнүш болгон.
КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ – ТУҢГУЧ КӨРКӨМ КОТОРМОЧУ
Ал 1926-жылы орус революциячыл ырларын "Өзгөрүштүн ырлары"-деп атап, “Интернационалды”которуп, китеп кылып чыгарган. И.А.Крыловдун тамсилдерин биринчи жолу кыргызчалаган.
КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ – ТУҢГУЧ “ОКУУ КИТЕБИНИН” АВТОРУ
1924-жылы январда Түркстан Республикасынын Советинин XII съездинде Эл Агартуу Комиссариатынын докладынын токтомуна ылайык Касым Тыныстанов кыргыз тилинде туңгуч окуу китебин жазат. «Окуу китеби» 1924; «Чоңдор үчүн алиппе», 1926; «Окуганды жана жазганды үйрөн», 1927; «Биздин эне тил», 1928; "Социалдык экономикалык сөздүк",1933; “Кыргыз тилинин морфологиясы” 1934; “Кыргыз тилинин синтаксиси” 1936; ж.б.
Кыргыздын улуттук жазуусун иштеп чыгууга, асыресе араб алфавитин кыргыз тилине ылайыкташтыруу, араб алфавитин латынча, латынчаны орус алфавитине алмаштыруу иштерине катышкан. Азыркы кыргыз орфографиясынын негизги принциптерин иштеп чыгып, кыргыз тилинде туңгуч окуу китептерин, кыргыз тилинин туңгуч грамматикасын жана тил илими боюнча кыргызча терминологияны түзгөн.
Касым Тыныстанов Кыргыз ССРиндеги 1932-жылы доценттик, 1936-жылы профессорлук наамын алган алгачкы адам.
КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ ЖАНА “МАНАС” ЭПОСУ
Касым кыргыз элинин оозеки чыгармаларын, асыресе "Манас" эпосун жыйноого зор көнүл бөлүп, бул темада атайын макалалар жазган, уюштуруу иштерин жүргүзгөн. Мисалы, улуу манасчы Саякбай Каралаевдин айтуусундагы "Манас" үчилтигин толук жазып алуунун демилгечиси жана уюштуруучусу болгон. "Манас" эпосун орусчага которуу ишине катышкан.
Касым Тыныстановдун жетекчилиги менен У.Абдукаимов , К.Карасаев , Т. Саманчин «Манастын» «Чон казат» бөлүгүн сапма-сап которушкан. «Академия кечелери »пьесалар түрмөгүндө «Алмамбет менен Чубактын жол талашканы »жана «Yргөнчтүн жээгинде Айчүрөктүн кырк кыз менен турушу» деген эки көрүнүш жазылган.
КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ – ЖАЛГАН ЖАЛААНЫН КУРМАНДЫГЫ
1932–33-жылдары Кыргыз улуттук театрында ВКП(б) Кыргыз обкомунун жактыруусу менен «Академиялык кечелер» аттуу спектаклдер сериясы (К.Тыныстанов, К.Жантөшев, Ш.Көкөнов, А.Сопиев) коюлган. Кыргыз элинин миң жылдап басып өткөн тарыхый улуу жолун профессионалдык адабияттын көркөм каражаты менен эпикалык масштабда чагылдырууга аракеттенген алгачкы ири чыгарма.Бул спектакль циклиндеги пьесалардын көбү Касым Тыныстановго таандык болгон. Касым Тыныстановду улутчул, панисламизм, пантүркизм идеяларына сугарылган деп анын «Касым ырлар жыйнагы», «Академиялык кечелер» чыгармалары катуу сынга алынган. Ошону менен катар жаш кезинде “Алаш Ордочулар” менен идеялаш болгон деп дагы күнөө коюшкан.
1938-жылы «эл душманы» деген курулай жалаа жабылып, атылып кеткен.
Ошентип, кыргыздын кыраан жигитинин өмүрүнө көрө албастыктын кара балтасы чабылып, тагдыры мына ушундай өкүнүчтүү окуя менен аяктаган.
1956-жылы жубайы Турдубүбү тиешелүү кызматтарга кайрылып, 1957-жылы СССРдин Жогорку Аскердик соту 1938-жылдын 5-ноябрындагы чечимин жокко чыгарып, 1958-жылы 22-январда акталган.
“КАСЫМ ЫРЛАР ЖЫЙНАГЫ” ТҮРК ТИЛИНДЕ
2021-жылы "Касым ырлар жыйнагы” жыйнагы алгачкы ирет түрк тилине которулуп, "Таң", "Бүгүнкү күн", "Кыз карындаштарыма", "Жаз","Булбулга", "Айга", "Эрксиз ажырашканга", "Манас күмбөзү", "Жаз", "Жаңыл Мырза" сыяктуу бир катар ырлары камтылган.
Кайран Касым атабыз - эли эртедир-кечтир унутпасын сезип, тагдырын өзүнүн ыр саптарына салып кеткен окшобойбу!!!
“Элинин эт жүрөгү жараланып,
Эбаккы өткөн күндүн изин чалып.
Ырчысы ырга кошуп атын жаттайт,
Комузчу күңгүрөнтүп күүгө салып.
Уулу зар болгон күнүн сүрөттөсө,
Жашынын каны кызыйт, ичи жанып.
Какшаган комуз менен, муңдуу кайрып
Жоктошот эр Манасын эсине алып”.
Касым Тыныстанов тууралуу бул макаламды кыргыздын кыйындары тууралуу тек гана таанып-билүү багытындагы маалымат катары кабыл алыңыздар.
ГҮЛМИРА КУЛУМБАЕВА