Жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында сасык тумоого каршы акысыз эмдөө жүрүүдө
Ден соолук
Жалал-Абад шаарында сасык тумоого каршы акысыз эмдөө жүрүүдө

Кечээ, 30-ноябрда Жалал-Абад шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун дарыгерлери шаардык мэриянын кызматкерлерине сасык тумоого каршы эмдөө жүргүзүштү.

Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришкендей, мындай эмдөө шаардагы бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда да жүрүп жатат.

Саламаттык сактоо кызматкерлери эмдөө жүргүзүүнүн негизги максаты жамааттык иммунитетти күчөтүү экенин белгилешет.  Белгилей кетсек, эмдөө акысыз жүргүзүлүүдө.