Жаңылыктар
Япониянын Улуттук банкы Кыргызстан менен кызматташат
Экономика
Япониянын Улуттук банкы Кыргызстан менен кызматташат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Японияга жумуш сапарынын алкагында ал өлкөнүн Улуттук банкынын Төрагасы Харухико Курода менен жолугушту. Ал буга чейин Азия өнүктүрүү банкын жетектеп, өзүн натыйжалуу иштеген менеджер катары көрсөткөн Харухико Курода менен кайрадан жолугушуусуна кубанычта экендигин билдирди. 

Акылбек Жапаров белгилегендей, Министрлер Кабинети ички дүң продукциянын 7% өсүшүнө шарт түзгөн антикризистик бир катар чараларды кабыл алууга жетише алды.

Кыргызстандын Улуттук банкы менен акча-насыя жана салык-бюджеттик саясат чөйрөсүндө макулдашуулар жүргүзүлүүдө. "Азыр кирешенин эсебинен чыгашаларды толугу менен жаап жатабыз. Мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча бардык кредиттик жана гранттык каражаттарды өнүктүрүүгө гана багыттайбыз", - деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Япониянын Улуттук банкынын Төрагасы белгилегендей, учурда дүйнөлүк экономиканын негизги көйгөйлөрүнүн бири инфляция болуп саналат. 

«Бир катар өлкөлөрдө инфляция олуттуу көрсөткүчтөргө жетти. Бул көйгөйдөн ар бир өлкө жалгыз чыгып кетүүсү кыйын. Учурда Кыргызстандын Улуттук банкынын иш-аракеттеринен көп нерсе көз каранды. Биз маалымат алмашууга жана компетенциябызга кирген бардык маселелер боюнча кызматташууга даярбыз», - деди Харухико Курода.